Казакстанда акимдин TikTok'тогу видеосу популярдуу болууда

Коңшу Казакстандын Талгар районунун акими Арысанбек Абилхайрулы TikTok колдонуучулары арасында тездик менен популярдуулукка ээ болууда.

Тагыраагы, аким TikTok баракчасын өзү жүргүзүп, ал жерден жергиликтүү тургундардын шаардагы көйгөйлөрдү айткан сын-пикирлерин изилдеп, андан соң көрсөтүлгөн жерге барып, ошол жерден отчёт жарыялайт.

Учурда акимдин аккаунтуна дээрлик 17 миң адамдай катталган.

Анын видеолоруна көптөгөн билдирүүлөр жазылууда. Жергиликтүү тургундар көйгөйлүү маселелери менен түз эле акимге кайрыла алышат. Көпчүлүк акимдер ушундай иштеши керектигин жазышкан.

Казакстанда акимдин TikTok'тогу видеосу популярдуу болууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан