"Оскар" сыйлыгы 2027-жылдан баштап эң мыкты каскадёр үчүн ыйгарыла баштайт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, бул категориядагы биринчи сыйлык 2027-жылы жарык көргөн тасмалар үчүн 100-Оскар сыйлыгын тапшыруу аземинде ыйгарылат. Аны тандоо жана добуш берүү эрежелери аталган жылы жарыяланат.
"Кинематографиялык искусство жана илимдер академиясынын башкаруучулар кеңеши бүгүн каскадёрлук жаатындагы жетишкендиктерди сыйлоо үчүн жыл сайын "Оскар" сыйлыгын түзөрүн жарыялады", - деп жазылат маалыматта.