Нью-Йорктогу Гудзон дарыясына кулаган тик учакта Siemens компаниясынын башкы директору Агустин Эскобар үй-бүлөсү менен каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кырсыкта Эскобар, анын жубайы Мерс Кампруби Монтал жана алардын 4, 5, 11 жаштагы балдары тик учактын учкучу менен кошо каза болушкан. Каза болгон үй-бүлө мүчөлөрү Барселонадан Нью-Йоркко ошол эле күнү барышкан.
Ошондой эле алардын кырсык алдында так ошол тик учактын алдынан чогуу түшкөн сүрөтү интернетке тарады.
Нью-Йорктогу кырсык кечээ, 10-апрель күнү кечке жуук болгон. Анда асманга көтөрүлгөн тик учак дароо айланып кетип, андан соң дарыяга кулаган. Кырсыктын кесепетинен алты адам каза болгон.
Өзгөчө кырдаал болгон жерде издөө иштери эки саатка жакын созулган. The New York Times гезити кырсыкты Нью-Йорктогу акыркы жети жылдагы эң кандуу тик учак кырсыгы деп атады.