O!Store туулган күнүнүн урматына супер белектерди тартуулайт!

Бүгүн электроника товарларын сатуу боюнча дүкөндөрдүн ири тармагы болгон O!Store өзүнүн 9-туулган күнүн белгилөө менен, расмий @ostore.kg Instagram баракчасында 2025-жылдын 2-апрелинен 22-апрелине чейин өтүп жаткан конкурстун алкагында белектерди берип жатат. Сиз да кошулуңуз!

9 жылда кандай өзгөрүү болду?

Бул мезгил аралыгында O!Store мобилдик байланыш абоненттерин катардагы тейлөө түйүндөрүнөн санариптик кызматтардын заманбап борборлоруна чейин чоңойду. Дүкөндөрдөн кийинкидей кызматтарды ала аласыз:

  • О! мобилдик байланышы менен интернетин кошуу;
  • Saima зымдуу интернетин кошуу;
  • O!Bank банк картасын жолжоболоштуруу;
  • дүйнөлүк бренддердин смартфондорун, роутерлерди, винглдерди, мобилдик түзүлүштөр үчүн кабелдер, өткөргүчтөр, адаптерлер, акустикалык колонкалар менен кулакчындар сыяктуу аксессуарларды, саркеч рюкзактар менен бананка-сумкаларды, портативдик заряддоочу түзүлүштөрдү, «Акылдуу үй» системасы үчүн түзүлүштөрдү жана башка көптөгөн пайдалуу буюмдарды жагымдуу шарттарда сатып алуу;
  • чоң суммадагы товарларды чакан бөлүктөр менен ыңгайлуу төлөш үчүн O!Bank аркылуу бөлүп төлөөгө алуу.

Эң башкысы, мунун баарын үйдөн чыкпай эле, онлайн ишке ашырса болот – эми O!Store толугу менен санариптик формага өттү, анын бардык кызматтарынан «Мой О!» супер тиркемеси аркылуу пайдалана аласыз.

Керектүүнүн баары бир эле – сиз үчүн ыңгайлуу жерде.

Мурун SIM-картаны алмаштыруу же тарифке байланыштуу маселени чечүү үчүн атайын шаардын борборуна барыш керек эле. Ал эми шаардын четиндеги айылда жашасаң – өзүнчө эле бир көйгөй болчу. Азыр бардыгы өзгөргөн: Кыргызстандын ар бир чоң шаарында гана эмес, чакан айылдарында да O!Store бар. Тармактын 110 филиалы иштейт.

Артыкчылыгы эмнеде?

Эң негизгиси – убакытты үнөмдөө. Кайда барыш керек экендиги тууралуу ойлонбойсуз – жакын жерде O!Store сөзсүз бар. Геолокацияны күйгүзүп, «Мой О!» тиркемесин ачып, «Кеңселердин жана терминалдардын картасы» бөлүмүнө кирсең эле, карта жакынкы филиалды көрсөтүп берет.

Бул жерде адамдар жогору бааланат

O!Store – бул жалгыз эле дүкөндөр тармагы эмес, жергиликтүү калк үчүн жумуш орундары. 8 жылдын ичинде O!Store жүздөгөн адистин сүйүктүү жумушуна орношуусу үчүн жардам берип, учурда алар менен сыймыктанып келет. Эң башкысы – бул жерде ар бир адамды өзгөчө көңүл буруп тосуп алышат жана маселени чечүүгө жардам беришет. Анткени жакшы маанай жана кардарларга кам көрүү – эреже жана иш алып баруу стили.

O!Store өзгөрүүдө, кыйла ыңгайлуу, жакын жана пайдалуу болууда. Бул жөнөкөй эле дүкөн эмес – бул санариптик дүйнө боюнча ар дайым жаныңда болгон гид.

O!Store – дүкөндөн дагы чоң мүмкүнчүлүк.

КР МБТМК караштуу МБА 06.12.2016-ж. № 16-0062-КР, 16-0063-КР лицензиялары.

«О!Банк» ААК. КРУБ 17.09.2024-ж. №044 лицензиясы. Кененирээк: obank.kg

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан