8–10-апрель күндөрү Бишкек шаарындагы Каба улуу Кожомкул атындагы спорт ордосунда Коргоо министринин Кубогу үчүн армиялык кол күрөш боюнча чемпиондук өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдештин жыйынтыгында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматындагы «Бөрү» атайын бөлүгү командалык эсепте 1-орунду ээледи. 2-орунду Коргоо министрлигинин «Скорпион» атайын бөлүгү, 3-орунду ИИМ Академиясынын командасы алды.
Жеңүүчүлөр салтанаттуу сыйлоо аземинде медалдар жана дипломдор менен сыйланышты. Ошондой эле өз салмак даражасында жеңишке жеткен спортчулар Түркияга жолдомо алышты.