Москвада рэперди акыркы сапарга узатуу зыйнатына ОМОН чакырылды

Паша Техник аты менен таанылган маркум орусиялык рэпер Павел Ивлевди акыркы сапарга узатууга миңдеген адамдар келип, жерине ОМОН чакыртылды. Бул тууралуу BAZA Телеграм каналы жазды.

Маалыматка ылайык, акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жаткан жерге келгендердин саны кескин көбөйгөн. Алар имараттын ичине кирүүгө аракет кылып, бири-бирин түртүшүп, айрымдары дубалдан секирип түшө баштап, кезек менен кирүү көзөмөлдөн чыккан. Мындан улам жерине ОМОН чакыртылып, алар бир нече адамды кармаган.

40 жаштагы рэпер 27-мартта Таиланддагы ооруканага жаткырылып, 4-апрелде Пхукеттеги ооруканада каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан