Талантбек Иманов президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде өлкө башчысынын администрациясынан билдирди.
Маалым болгондой, тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Эске салсак, Иманов 7-апрелде президентке караштуу инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорлук кызматынан бошотулган.