Мьянмадагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 3 689га жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар өлкө бийлигинин маалыматына таянып жазышты.
Маалыматтарга караганда, жаракат алгандардын саны 5 миң 20га жетсе, дагы 139 адам дайынсыз жоголгон.
Эске сала кетсек, 28-мартта Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен катуу жер титирөө болуп, өлкөнүн бүт аймагында жана коңшу мамлекеттерде кыйроолорго алып келген. Жер титирөөнүн очогу 1,5 миллион адам жашаган өлкөнүн экинчи чоң шаары Мандалайдан 17 чакырымдай алыстыкта болгон. Мындан улам бийлик 31-марттан 6-апрелге чейин улуттук аза күтүү жарыялаган. Андан бери каза болгондордун жана жаракат алгандардын саны өсүүдө.