Кара-Балта шаарында кошунасын өлтүргөн деген шек менен үч тууган кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 22-мартка карган түнү саат 01:00 чамасында 30, 31 жана 39 жаштагы туугандар 42 жаштагы жарандын үйүнө барышкан. Алардын ортолорунда чыр чыгып, туугандардын арасынан 31 жаштагысы аны бычактап салган. Андан соң алар кылмыш болгон жерден качып кетишкен. Ал эми жабырлануучу аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, ал жерден эсине келбей каза болгон.
Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, кармалгандар камакка алынган. Облустук милиция шектүүлөр мурда бир нече жолу соттолгон жарандар экенин белгиледи. Учурда бардык зарыл болгон экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.