Эмомали Рахмондун уулу кайрадан парламент төрагалыгына шайланды

Рустам Эмомали тажик парламентинин жогорку палатасынын төрагалыгына кайрадан шайланды. Бул тууралуу Ховар маалымат агенттиги билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 11-апрелде март айында өткөн шайлоодон кийин парламенттин жетинчи чакырылышынын алгачкы сессиясы болгон. Анда жогорку палатанын мүчөлөрү жашыруун добуш берүү менен Рустам Эмомалинин талапкерлигин төрагалыкка жактырышкан. Сессиянын ачылышына өлкөнүн президенти Эмомали Рахмон да катышкан.

Мунун менен ал парламенттин төрагасы болуп катары экинчи жолу шайланды. Рустам жогорку палатаны 2020-жылдын апрелинен бери жетектеп келет. Ал ошондой эле Душанбе шаарынын мэри кызматын да ээлейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан