Социалдык тармактарда эстрада ырчысы Мирбек Иманбековдун сахнада "Ата-эне" ырын ырдап жатып, көзүнө жаш алган видеосу тароодо.
Видеодон ага белгилүү ырчы Султан Садыралиевдин "аяш атам менен аяш апамдын жаткан жери жайлуу болсун" деп көңүл айтканын да угууга болот. Аталган видео Садыралиевдин Жалал-Абад шаарындагы жеке концертинде тартылганы айтылууда.