Москвадагы Л.М.Рошаль атындагы Балдар клиникалык борборунун дарыгерлери 15 жаштагы баланын 14 ашык тишин алып салышты. Бул тууралуу орус басылмалары жазды.
Маалыматтарга карганда, өспүрүм тишинде көйгөй бар экенин айтып кайрылган. Текшерүү учурунда дарыгерлер анын ашыкча тиштери бар экенин аныкташкан. Ашыкча делген тиштер анын негизги тиштеринин өсүшүнө тоскоол болуп келген.
Бейтап жаак хирургия бөлүмүнө жаткырылып, операция жолу менен тиштери жулунган. Учурда анын абалы жакшырып, ооруканадан чыгуу алдында турат. Толук айыгып кеткенден кийин ортодонтикалык дарылоо жүрөт.