Ырчы Бегимай Турусбекова социалдык тармактагы баракчасында Италиянын Милан шаарында ырдап жаткан видеосу менен бөлүштү.
Анын алдын ырчы бүгүн, 13-апрелде Миланда кыргызстандык артисттер менен Италиядагы Кыргызстандын улуттук ассоциация тарабынан уюштурулуп жаткан концерттик программа болорун кабарлаган. Ырчынын айтымында, концерт Нооруз майрамынын урматына болмокчу.