Трамп тариф саясатынан күн сайын канча каражат түшүп жатканын ачыктады

Жаңы импорттук бажы алымдары күн сайын 2-3 миллиард доллар киреше алып келүүдө. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп Ак үйдө журналисттерге билдирди.

"Тарифтердин абалы абдан жакшы. Инфляция төмөндөп баратат. Америкалыктардын, өлкөнүн акчасы көп", - деп келтирет анын сөзүн чет элдик басылмалар.

Белгилей кетсек, Трамп 2-апрелде 185 өлкөдөн келген товарларга бажы алымдарын киргизүүнү жарыялаган. 9-апрелде ал сүйлөшүүгө даяр экенин көрсөткөн 75 өлкө үчүн тарифтердин көтөрүлүшүн 90 күнгө токтотуп жатканын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан