Коңшу Кытайдын өкмөтү өлкөдөгү салмагы 50 килограммдан ашпаган жарандарга катуу шамалдан улам көчөгө чыкпоого чакырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Кечээ Кытай акыркы он жылда биринчи жолу Пекинге сейрек кездешүүчү кызгылт сары деңгээлдеги бороон-чапкын тууралуу эскертүү берди. Бийлик ошондой эле салмагы 50 килограммдан аз адамдарды шамал учуруп кетпеш үчүн үйдө калууга үндөдү", - деп жазылат анда.
Кытайдын Улуттук метеорология борбору өлкөнүн түндүк аймактарында катуу шамалга байланыштуу кечээ күнү кызгылт сары эскертүү жарыялады. Метеорологдордун маалыматы боюнча, Пекиндин көпчүлүк аймактарында шамалдын ылдамдыгы секундасына 24 метр, ал эми тоолуу райондордо шамалдын ылдамдыгы секундасына 37-41 метрге чейин жеткен.
Кытайдын төрт баскычтуу аба ырайы жөнүндө эскертүү системасы бар, кызыл түс коркунучтун эң жогорку деңгээлин билдирет. Андан кийин кызгылт сары, сары жана көк түстөр төмөндөө иретинде.