Футзал боюнча Кыргыз улуттук курама командасы БАЭ курамасы менен жолдоштук беттеш өткөрүп, жеңишке жетти.
Жолдоштук беттеш кечээ, 13-апрелде Дубай шаарында өтүп, 2:3 эсебинде Кыргыз курамасынын пайдасында аяктады.
Кыргыз курамасынан голдорду Дониёрбек Аманбаев, Аймен Канатбеков жана Мухаммад Аскарбеков киргизди.
Командалардын экинчи беттеши эртең, 15-апрелде өтөт.