Украинанын аскер кызматкерлери Санкт-Николас Белогорский монастырынын аймагында орус тарап менен өз ыктыяры менен багынып берүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан офицерин жок кылышты. Бул тууралуу ТАСС агенттигине Орусиянын коопсуздук органдары билдирди.
Маалыматка ылайык, Курск аймагында аскерлери менен калып калган украиналык командир орус тарап менен багынып берүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген. Бирок кийинчерээк анын мыкааачылык менен өлтүрүлгөн жансыз денеси табылган.
Ошондой эле анын багынып берүү сөзүн колдогон дагы бир нече аскер кызматкери оор жаракаттарды алганы айтылды.
Мунун алдында эле Курскта жүздөгөн украиналык аскерлер куралын таштап, Орусияга багынып бергенин ТАСС агенттиги жазды.