Бишкекте “Жаңы ысымдар” эл аралык театр фестивалы өтөт

Бишкек шаарында 15-18-апрель күндөрү “Жаңы ысымдар” эл аралык театр фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлиги кабарлады.
Аталган иш-чарага Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Орусия жана Азербайжан өлкөлөрүнүн театр адистигинде билим алып жаткан студенттери катышат.
Фестиваль жыл сайын жаш таланттардын сахна өнөрүндө профессионалдык жактан калыптануусуна стимул берүү жана чет элдик тектеш профилдеги окуу жайлар менен чыгармачылык тажырыйба алмашуу максатында өтүп келет.
Аталган фестивалда төмөнкү номинациялар боюнча жеңүүчүлөр аныкталат:
  • Мыкты спектакль;
  • Эркектин ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн;
  • Аялзатынын ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн;
  • Экинчи пландагы эркектин ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн;
  • Экинчи пландагы аялзатынын ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн;
  • Көркөм окуу;
  • Эң мыкты режиссура;
  • Эң мыкты драматургия;
  • Эң мыкты театр сыны;
  • Чыгармачыл жаштардын устаты.
Жогорудагы номинациялар боюнча 1-2-3-орун алган жеңүүчүлөр акчалай сыйлык жана атайын дипломдор менен сыйланат.
Маалымат үчүн: Фестиваль Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университети жана Кыргызстан театр ишмерлер союзу тарабынан 2016-жылдан бери уюштурулуп келет. 2022-жылдан тартып “Эл аралык” статусун алган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан