Өлкөдө массалык башаламандык уюштурууну көздөп жаткандар кармалды

Чүй облусунда массалык башаламандыкты даярдоого жана уюштурууга кам көрүп жаткандар аныкталып, камакка алынды. Бул туурасында Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, башаламандык уюштурууга даярдык көрүп жаткан мурдагы саясий ишмерлер, уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү жана жарандык активисттер биригишип ишке ашырууну пландашкан.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандык уюштуруу) менен кылмыш иши козголгон.

Анын алкагында 1978-жылы туулган Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун С.Ф. аттуу тургуну аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бул ишке тиешеси бар делип 1998-жылы туулган Ош облусунун Кара-Суу районунун М.О. аттуу тургуну кармалган. Ал жогорудагы кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө акча каражаттарын легалдаштырууну, банктык операцияларды жүргүзгөнү жана Т.Куреновдун жана башка адамдардын ар кандай чагымчыл видео материалдарын монтаждап даярдап, ар кандай социалдык тармактарда фейк аккаунттар аркылуу жайылтканы аныкталган.

Анын алкагында алар жашаган жерлер тинтүүгө алынып, далилдер чогултулган. Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан