Беш айлык боюнда бар бразилиялык волейболчу беттешке чыкты (видео)

Бразилиялык волейболчу Присцила Оливейра Хелдес беш айлык боюнда бар экенине карабай беттешке чыкты. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазышты.

Хелдес Бразилия чемпиондугунун "Флуминенсес" клубунда ойнойт. Ал боюнда бар экенине карабай чейрек финалда "Сеси-Баур" клубуна каршы оюнга чыккан.

"33 жаштагы бразилиялык спортчу өзүнүн фантастикалык кыймылдары менен көрүүчүлөрдү таң калтырды. Бирок кош бойлуу спортчунун курсагы бир караганда байкалып турду", - деп айтылат маалыматта.

"Кош бойлуу кезде волейбол ойноо зыянбы?" деген суроого спортчу дарыгер ага тыюу салбаганын, болгону курсагы менен жыгылбоону суранганын айткан.

Беш айлык боюнда бар бразилиялык волейболчу беттешке чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан