Балбан Алексей Крупняков Дүйнөлүк рейтингде 6-орунду ээледи

Кыргызстандык балбан Алексей Крупняков кечээ, 9-январда Эл аралык күрөш федерациясы тарабынан жаңыланган Дүйнөлүк рейтингде 6-орунду ээледи. Бул тууралуу Эл аралык күрөш федерациясынын расмий сайты кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Крупняков 96 килограмм салмакта күрөшкөн балбандардын рейтингинде 6-орунду ээледи. Анын 2013-жылдагы эң көрүнүктүү жетишкендиги Венгрияда өткөн Дүйнө чемпиондугунда 5-орунду ээлегени болгон.

Эркин күрөш боюнча түзүлгөн рейтингде кыргызстандыктардан Айаал Лазарев да бар. Ал 120 килограмм салмактагы балбандар арасында 13-орунда турат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан