Бишкектеги түндүк айланма жолу кандай болуп өзгөрөт? (эскиз)

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Бишкек шаарынын түндүк айланма жолун реконструкциялоо иштери кызуу жүрүп жатканын билдирди.
Азыркы тапта алгачкы 6 тилкелүү трассанын курулушун колго алган подряддык компания тарабынан свай куюу, жер иштери жана кеңейтүү жумуштары жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын түндүк айланма жолунун жалпы узундугу 33,4 чакырымды түзөт. Быйыл анын 15 чакырымына асфальт төшөө пландалууда. Тактап айтканда, 2025-жылы Алматы–Бишкек–Ташкент жолунун 6 чакырымы жана Бишкек–Нарын–Торугарт жолунун 9,1 чакырымы реконструкцияланат. Жолдун аталган тилкесинде (15 чакырым аралыгында) эки деңгээлдүү 4 жол түйүнүн куруу каралган.
14.04.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан