Бишкекте быйыл 1 миллион 600 миң түп гүл отургузуу пландалууда. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.
Маалымдалгандай, борбор калаада бир жылдык гүлдөрдү отургузуу иштери кызуу башталды.
"Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасынын адистери шаардын көчөлөрүнө жана сейил бактарга түстүү гүлбакчаларды жана гүлзарларды түзүүгө киришти. Жоогазындардан кийин Бишкектин көчөлөрүнө петуния, тагетес, сальвия, алиссум жана башка декоративдик өсүмдүктөр келет.
Гүл оюмдары шаардын негизги зоналарын — Жеңиш аянтын, Ала-Тоо аянтын, Эмен сейил багын, Пушкин көчөсүн, Чүй проспектисин, Ахунбаев жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишин, ошондой эле театралдык жана дене тарбия скверлерин көркүнө чыгарат", - деп айтылат маалыматта.