
Эртең, 15-апрелде Бишкек шаарындагы Жаш Гвардия бульварынын дагы бир бөлүгү оңдоп-түзөө үчүн жабылат. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Ошентип, Чүй проспектисинен Рыскулов көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн батыш тарабы унаа кыймылы үчүн жабылат. Чыгыш тарабында убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат.
Мэрия оңдоо иштери качан аяктарын белгилеген эмес. Ал эми убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сураган.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган аймактагы жолдо ремонт иштери башталганы боюнча эскертүу
берилген.