
Кыргызстандын аймагында 10 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 10 күжүрмөн эсеп тартылды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Кабарлангандай, Бишкек шаарында – 1, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 2, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 2 өрт кырсыгы болду.
Ал эми Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болгон.