Укук коргоочу Рита Карасартованын үйүндө тинтүү болуп, кармап кетишти (видео)

Укук коргоочу Рита Карасартованын үйүндө тинтүү болуп, кармап кетишти. Бул туурасында анын кесиптештери билдирди.

Социалдык баракчаларда тараган видеодо укук коргоочуну күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери коштоп бара жатканын байкоого болот. Кесиптештери аны Чүй ОИИББине суракка алып кеткендигин кошумчалап, 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин билдирди.

Ал эми Чүй облусунун милициясы азырынча бул маалымат боюнча расмий жооп бере элек.

15.04.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан