
Чүй облусундагы Чу, Кара-Балта, Ак-Суу дарыяларынын жээктерин эрозиядан сактоо максатында бак-дарактар отургузулду. Бул туурасында ӨКМдин маалымат борбору билдирди.
Маалымдалгандай, 2,28 гектар аянтка жалпы 2180 түп терек, кара жыгач, турпан көчөттөрү отургузулду.
"Жашыл Мурас” программасынын алкагында көчөттөр Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан алынып, райондук ӨК бөлүмдөрү жана жергиликтүү бийлик органдарынын кызматкерлери менен биргеликте отургузулду, ошондой эле айланасын тосуу, сугаруу иш-чаралары жүргүзүлдү. Мындан тышкары Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылынан 500 даана турпан көчөттөрү алынып келинип, кошумча отургузулду", - деп айтылат маалыматта.