Түркияда 2014-жылдан бери биринчи жолу үшүк жүрдү. Бул түшүм үчүн эң коркунучтуу жагдай жаратты. Бул туурасында Түркиянын Айыл чарба жана токой чарба министри Ибрагим Юмакли X социалдык тармагында билдиргенин чет элдик басылмалар билдиришти.
"10-12-апрелде бир катар райондордо абанын температурасы -15 градуска чейин төмөндөп, кээ бир райондордо акыркы 30 жылдагы эң төмөнкү температура катталган. Тилекке каршы, мындай аба ырайынын натыйжасында 2014-жылдан бери кайталана элек үшүктү көрдүк. Бул түшүм алууга терс таасирин тийгизет", - деп калтырган министр билдирүүсүндө.
Учурда дыйкандардын чыгымдарын эсептөө, аларга жакындан жардам берүү иштери жүрүп жаткандыгы айтылды.
Кошумчалангандай, Түркиянын айрым райондорунда суу кар жаагандыгы да айтылды.