Абу-Даби шаарында Кыргызстандын Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик менен Бириккен Араб Эмираттарынын Ички иштер министрлигинин ортосунда айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу жана алмашуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, меморандумдун расмий күчүнө кириши тараптардын ортосунда дипломатиялык каналдар аркылуу макулдашылган датага жараша бир айдын ичинде жарыяланат.
Бул документке Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Улан Карыпбеков жана Бириккен Араб Эмираттарынын премьер-министринин орун басары – ички иштер министри шейх Сейф бин Заед Аль Нахайян кол коюшту.
Жолугушууга кыргыз тараптан Консулдук департаменттин директору Сейтек Жумакадыр уулу, Кыргызстандын БАЭдеги элчиси Аман Салиев катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-эмират мамилелеринин күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, анын ичинде жарандардын эки мамлекеттин аймагында болуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маселелерин талкуулашты.