Бишкектеги айрым көчөлөрдө 17-апрелде таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдирди.
Ага ылайык, ичүүчү суу "Киркомстром" суу алгычында жана шаардагы суу түтүктөрүндө оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу өчүрүлөт.
Саат 09:00дөн 16:00гө чейин төмөнкү даректерде суу өчөт:
"Бишкек суу канал" келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана уюмдардан, калктан алдын ала ичүүчү сууну камдап алууну суранат.