"Сезим" кризистик борборунун аткаруучу директору болуп Назира Турарова дайындалды. Бул тууралуу уюм социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Маалыматка караганда, жаңы аткаруучу директор менен кошо уюмдун негиздөөчүсү жана мурдагы жетекчиси Бүбүсара Рыскулова борбордун ардактуу президенти катары ишин улантат.
"Назира Турарова көп жылдык тажрыйбага ээ, буга чейин аралык уюмдарда иштеп, жарандык коомду куруу жана бекемдөө, социалдык адилеттүүлүк үчүн күрөшүү багытында эмгектенген. Анын көз карашы жана лидерлик сапаттары уюмдун ишмердигин чыңдоого жана «Сезим» кризистик борборунун мындан ары өнүгүшүнө багытталган жаңы долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө болот", - деп жазылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, "Сезим" кризистик борбору аялдарга жана үй-бүлөгө укуктук, психологиялык жана социалдык жардам көрсөткөн уюм.
Эске салсак, 2024-жылы уюмду укук коргоочу Атыр Абдрахматова жетектеген.