Бишкекте 8 жаштагы кызды унаа сүзүп, ал ооруканага жаткырылды. Маалыматты шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан тастыктады.
Маалыматка ылайык, кечээ, 15-апрелде Toyota Caldina унаасынын 42 жаштагы айдоочусу Кожомбердиев менен Лухищин көчөлөрүнүн кесилишинен 2017-жылы туулган кызды сүзүп алган. Факты каттоого алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Ал эми унаа айып коргоого киргизилген.