Бишкек мэриясы 20-апрелден тарта Курманжан датка көчөсүнүн бир бөлүгү толук жабыларын кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, Курманжан датка көчөсү Чүй проспектисинен У.Салиева көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жылуулук тармагын реконструкциялоо иштери менен жол катмарын реабилитациялоо башталат.
Курманжан датка көчөсүндөгү реконструкциялоонун биринчи бөлүгү Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин созулат. Магистралдык жылуулук тармагынын аралыгы 580 метр, түтүктөрдүн диаметри 700 мм.
Жылуулук тармагынын экинчи бөлүгү Курманжан датка көчөсүндө Фрунзе көчөсүнөн У.Салиева көчөсүнө чейин жүргүзүлөт. Бул аймактын узундугу 340 метр, түтүктөрдүн диаметри 426 мм.
Мындан улам Курманжан датка көчөсү Чүй проспектисинен У.Салиева көчөсүнө чейин толук жабылат.