Бишкекте ишкерден Кытайга 3 миллион сом алдап котортуп алган жаран кармалды

Бишкекте ишкерди 300 миң юанга алдап кеткен жаран кармалды. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, Бахтиер ходжи аттуу жаран ишкер И.М. менен WhatsApp аркылуу байланышып, Кытайга 300 миң юанды электрондук эсепке которууну суранган. Анын ордуна Саладин аттуу таанышы 3 миллион 660 миң сом алып барып бермек болгон. Ал ишкерге келип акчасын көрсөтпөй туруп, Кытайга акча котортуп, качып кеткен.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүмү (Өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Натыйжада 1968-жылы К.С. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдар аныкталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан