Ким Чен Ын Пхеньяндын тургундарынан кечирим сурады

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Пхеньянда 10 миң батирлүү жаңы турак жайды ачып жатып, шаар тургундарынан кечирим сурады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

15-апрелде Пхеньян шаарында 10 миң батирдин бүткөрүлүшүнө арналган чоң салтанат болуп өткөн. Салтанаттын катышуучуларына кайрылуусунда Ким Чен Ын жергиликтүү тургундардан өлкө бийлиги мурда заманбап турак жайларды курбаганы үчүн кечирим сураган.

Иш-чарага Түндүк Кореянын премьер-министри Пак Тхэ Сон жана мамлекеттик ишмерлер катышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан