Кытай АКШнын 245 пайыздык бажы салыгын киргизүү боюнча коркутууларына жооп кайтарды

Коңшу Кытайдын Соода министрлиги АКШнын өлкөдөн импорттолгон товарларга 245 пайызга чейин бажы алымдарын киргизүү боюнча коркутууларын кескин айыптады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Билдирүүсүндө Кытай министрлиги Вашингтон тарифтерди курал катары колдонууда акылга сыйбаган деңгээлге жеткенин баса белгилеген.

"Пекин АКШнын бир тараптуу тарифтери боюнча позициясын бир нече жолу айтты. Эгер АКШ Кытайдын кызыкчылыгын бузууну уланта берсе, Кытай чечкиндүү каршы чараларды көрүп, акырына чейин күрөшөт", - деп жыйынтыктаган министрлик.

Буга чейин Ак үй Пекинди АКШнын киргизген тарифтерине жооп кайтаруу аракеттери үчүн 245% чейин импорттук бажы төлөмү менен коркуткан билдирүү тараткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан