Япониядагы "ЭКСПО-2025" көргөзмөсүндө кыргыз балын уурдаган карыя кармалды

Япониянын Осака шаарында өтүп жаткан "ЭКСПО-2025" эл аралык көргөзмөсү учурунда Кыргызстандан өндүрүлгөн бир банка балды уурдоого шектелип карыя кармалды. Бул тууралуу Киодо басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандан өндүрүлгөн балды уурдоого шектүү 83 жаштагы карыя болгон. Ал болжол менен баасы 47 доллар болгон балды уурдаган. Пенсионер банканы сумкасына салып алган, бирок күзөтчү аны дароо байкап, полиция чакырган. Сурак учурунда карыя күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.

"ЭКСПО-2025" Японияда 13-апрелден 13-октябрга чейин жасалма Юмэсима аралында өтүп жатат. Иш-чарага 158 өлкө жана 7 эл аралык уюм катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Birimdik5555
2025-04-17 09:19:00
Ии берип эле койгула балды
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан