
Бишкек мэриясынын жеке турак-жай курулушу жана шаар куруу департаментинин маалыматына ылайык, министрлер кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы №567 токтомунун негизинде “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 “Жерге мунапыс берүүнүн тартиби жөнүндө” токтомуна ылайык, Бишкекте жер мунапысын жүргүзүү боюнча тийиштүү иштер аткарылып жатат.
Мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, бүгүнкү күндө документтерин толук тапшырган Ленин районунун Новопавловка муниципалдык аймагындагы мунапысы бар объектилердин тизмеси белгилүү болду.