Укук коргоочу Рита Карасартова 12-майга чейин камакта калтырылды. Мындай чечимди Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Адил Жаныбек уулу чыгарды.
Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси 1-бөлүгү (Массалык башаламандык) боюнча айып тагылууда.
Белгилей кетсек, 14-апрелде укук коргоочунун үйүндө тинтүү болуп, Карасартованы Чүй ОИИББинин кызматкерлери кармап кетишкендиги айтылган.