Кыргызстандык балбандар дүйнөлүк рейтингде алдыңкы сапка көтөрүлдү

Бириккен дүйнөлүк күрөш уюму (UWW) дүйнөдөгү күчтүү балбандардын жаңыланган рейтингин жарыялады. Бул рейтинг Азия жана Европа чемпиондугунун жыйынтыгында түзүлгөн.

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасынын мүчөлөрү рейтингде жогорку орундарды ээлешти. Айрыкча, Бекзат Алмаз уулу (57 килограммга чейин) жана Айаал Лазарев (125 килограммга чейин) эң мыкты жыйынтык көрсөтүшүп, өз салмак категорияларында 6-орунду камсыз кылышты.

Төмөндө кыргызстандык балбандардын UWW рейтингиндеги орундар:

57 килограммга чейин:

  • 6-орун: Бекзат Алмаз уулу
  • 10-орун: Алмаз Сманбеков
  • 52-орун: Абдымалик Карачов

61 килограммга чейин:

  • 26-орун: Бекболот Мырзаназар уулу

65 килограммга чейин:

  • 13-орун: Тайырбек Жумашбек уулу
  • 22-орун: Билол Шарип уулу

70 килограммга чейин:

  • 15-орун: Эрназар Акматалиев
  • 37-орун: Омурбек Таалайбек уулу

74 килограммга чейин:

  • 11-орун: Орозобек Токтомамбетов

79 килограммга чейин:

  • 16-орун: Арсалан Будажапов

86 килограммга чейин:

  • 21-орун: Мухаммад Абдуллаев

92 килограммга чейин:

  • 41-орун: Бекзат Рахимов

97 килограммга чейин:

  • 24-орун: Каныбек Абдулхаиров

125 килограммга чейин:

  • 6-орун: Айаал Лазарев

Кыргыз балбандарынын бул жетишкендиги өлкөнүн спортчулары дүйнөлүк аренада атаандаштыкка жөндөмдүү экенин дагы бир ирет далилдеди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан