
20-апрелде Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ бүгүн, 17-апрелде эскертти.
Бул күндөрү абанын температурасы түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 0…-2°ка, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -1…-3 градуска чейин түшүшү мүмкүн.
ӨКМ мындай үшүк жемиш дарактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, байлаган мөмөлөрүнө, гүлдөгөн жер жемиштерге коркунуч жаратарын эскертти.