Испаниянын Гвадалахара шаарында карате боюнча Дүйнөлүк жаштар лигасы болуп өттү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
Маалымдалгандай, мелдешке дүйнөнүн 80 мамлекетинен 3000ге жакын спортчу катышты.
Турнирдин негизги максаты — жаш каратечилердин арасынан мыкты спортчуларды аныктап, алардын чеберчилигин жогорулатуу. Ошондой эле 2026-жылы Сенегалдын Дакар шаарында өтө турган Жаштар Олимпиадасына катышуу үчүн зарыл болгон рейтингдик упайларды топтоо мүмкүнчүлүгүн берүү болду.
Кыргызстандын намысын бул турнирде "Олимп" олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин үч спортчусу коргоду. Алардын экөөсү өз категорияларында коло медаль тагынышты:
Экөө тең турнирде жети беттешке катышып, анын алтоосунда жеңишке жетишти.
Бул ийгиликтүү жыйынтыктын негизинде Явгет Матвей өзүнүн жаш курактык категориясында дүйнөлүк рейтингде 9-орунду ээледи. Ал эми Кобелев Илья 11-орунга чыкты.