Таласта жүн иштетүүчү цех ишке кирди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Талас районунун Көк-Кашат айылындагы жүн иштетүүчү жаңы цехтин ачылыш аземине катышты.

Айыл чарба министрлиги ага 10 миллион сом жумшалганын билдирди.

Ага ылайык, жаңы ачылган ишкана толук кандуу ишке кирсе өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 10 тонна жүндү кайра иштетүүгө жөндөмдүү болот. Туруктуу жумуш орундары да түзүлөт.

"Аймактарда кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүдө жеке ишкерлердин активдүү позициясы, демилгеси мамлекет тарабынан ар дайым колдоого алынат. Мындай өндүрүштөрдүн ишке кириши айыл чарбасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири – кайра иштетүү тармагын көтөрүү", - деди Төрөбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан