Месси менен Роналду бир командада ойношу мүмкүн

Аргентинанын мурдагы футболчусу Карлос Тевес коштошуу беттешин өткөрүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазышты.

Мурдагы чабуулчу бут кийимин 2022-жылы чечкен, бирок коштошуу оюнун өткөрүүнү азыр гана ойлонуп жатат. Ал Криштиану Роналду жана Лионель Месси сыяктуу мурдагы командалаштарынын арасынан көптөгөн жылдыздарды чакырууну пландаштырууда.

"Мен сөзсүз коштошуу оюнун өткөрөм жана буга ыңгайлуу убакытты табышым керек. Мен Мессини да, Роналдуну да чакыргым келет", - деген Карлос Тевес.

Эске салсак, Тевес "Манчестер Юнайтедде" Криштиану Роналду менен, Аргентина курамасында Лионель Месси менен ойногон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан