Жалал-Абад шаарындагы BARÇA Academy филиалынан 38 футболчу жана 4 машыктыруучу Испаниянын Барселона шаарында өтүп жаткан BARÇA Academy World Cup 2025 турниринде өлкө намысын коргоп жатышат. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги кабарлады.
Быйыл турнирге дүйнөнүн 200дөн ашуун академиясы катышууда. Кыргызстандын атынан төрт команда ар кайсы жаш категорияда күч сынашып, дүйнөлүк деңгээлдеги атаандаштыкта өз талантын көрсөтүүдө.
"Турнир 14–17-апрель күндөрү "Барселонанын" расмий машыгуу базасы болгон «Ciutat Esportiva Joan Gamper» спорт борборунда өтүп жатат.
Бул биздин өсүп келе жаткан жаш муундун футболчулары үчүн чоң мүмкүнчүлүк: тажрыйба, мотивация жана чоң футболго болгон жол!", - деп билдиришти КФБдан.