Чемпиондор Лигасында ири жеңилүүдөн кийин "Реалдын" машыктыруучусунун тагдыры белгилүү болду

Испаниянын "Реал Мадрид" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу Карло Анчелотти 26-апрелден кийин кызматынан кетери белгилүү болду. Бул тууралуу Sky Sports басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, Анчелотти 26-апрелде Испания Кубогунун финалындагы "Барселона" клубуна каршы оюндан кийин кызматтан кетет. Андан кийинки Ла Лиганын оюндарында, анын ичинде 11-майда "Барселонага" каршы оюнда Анчелотти команданы башкарбайт.

Бүгүн, 17-апрелге караган түнү өткөн Чемпиондор Лигасынын чейрек финалдык оюнунда "Реал" лондондук "Арсеналга" эки оюндун жыйынтыгы менен 5:1 эсебинде утулган. Ал эми Ла Лигада мадриддик клуб "Барселонадан" кийин экинчи орунда келе жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан