Быйылкы жылы Бишкектеги 8 көчөнү одоо пландалган. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.
Мэриянын маалыматына ылайык, калыбына келтирүү иштеринин алкагында жолдун асфальт төшөлгөн катмары жана бордюрлар жаңыланып, жолдун айрым участоктору кеңейтилип, тегизделип, асфальт төшөлөт.
Айрымучастоктордо аялдамаларды оңдоо жана куруу, жашылдандыруу жана ирригациялык тармактарды жакшыртуу пландаштырылган.
Бүгүнкү күндө шаарда Жаш Гвардия бульварынын батыш тарабы, Медеров көчөсү 7-апрель көчөсүнөн. Панфилов көчөсүнө чейин, ошондой эле Жибек-Жолу проспектисинин түштүк тарабы Лермонтов көчөсүнөн Будённый көчөсүнө чейин жабык.
Белгилей кетсек, 2025-жылы борбордо 8 жолду реабилитациялоо пландалууда. Алар:
Жаш Гвардия бульвары Жибек Жолу проспектисинен Бөкөнбаев көчөсүнө чейин (1,9 км) – иш 25-мартта башталып, 26-июлда бүткөрүлөт;
Жибек-Жолу проспектиси Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин (1,8 км) 25-мартта башталган – 6-июлда бүтөт;
Шабдан Баатыр көчөсү 7-Апрель көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин (1,7 км) – иштин башталышы – 25-апрелде, иштин аяктоосу – 10-июнда;
Ахунбаев көчөсү 7-Апрель көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин (1,7 км) - иш 25-июндан 25-сентябрга чейин жүрөт;
Лев Толстой көчөсү Ибраимов көчөсүнөн Калык Акиев көчөсүнө чейин (3,34 км) — 1-май – 31-август;
Москва көчөсү Жаш Гвардия бульварынан Фучика көчөсүнө чейин (1 км) – 20-май – 3-июль;
Медеров көчөсү Панфилова көчөсүнөн 7 Апрель көчөсүнө чейин (2,5 км) — 25-марттан 31-майга чейин.
Курманжан Датка көчөсү Жибек-Жолу проспектисинен Чүй проспектисине чейин (1,5 км) - 2-августтан 31-октябрга чейин.