SUPER.KG порталы бул жолку чыгарылышында "Муңайба, Адеми" хит ырынын аткаруучусу, ырчы Элера Кабылжан кызы менен маектешти.
Айта кетсек, ырчы март айынын башында апасынан айрылып калганын кабарлаган эле. Маектин жүрүшүндө Элера айым апасын эскерди.
"Көп убакыттан бери дарыланып жүргөн. Ага чейин эле ооруп жүргөн экен. Диагнозу залалдуу шишик дарты дегенде баарыбыз нес болдук. Ал нерселерди тасмалардан гана көрчүбүз да, өзүмдүн жашоомо келгенде нес болдум мен дагы", - деди ал.
Жоготуудан көп нерселерди ойлонуп, түшүнүп баштаганын айткан ырчы “апамды узатып жатып мени да ушинтип узатчу уул-кыздарым болсо экен деп, үй-бүлөнүн маанилүүлүгүн түшүндүм” дейт.
Маекти толугу менен SUPER.KG порталынын YouTube каналынан көрүңүздөр.