Бардыгы Fit... Бишкекте бирөөнүн 17 унаасын сатып жиберген делип бир жигит кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелип 26 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга кайрылган жаран шектүү 17 Honda Fit үлгүсүндөгү унааларын убактылуу иштетип туруу үчүн ижарага алганын, бирок кийин унааларды сатып жиберип, изин жашырып кеткенин айткан. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү кармалып, камакка алынган. ИИМ учурда сатылып кеткен унаалар кайсы жерлерде экенин аныктоо иштери жүрүп жатканын белгиледи. Ал эми ачылган кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан