MEGA үчүн рекорддук жыл: өзгөрүүлөр аракетте

MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш операторунун туулган күнүн утурлай Бишкекте 18-апрелде “Альфа Телеком” жабык акционердик коомунун (MEGA бренди) акционерлеринин жылдык жалпы жыйыны болуп өттү. Иш-чарага компаниянын акционерлери жана негизги менеджерлери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө 2024-жылдагы иш-чаралардын жыйынтыгы чыгарылып, стратегиялык өнүгүү багыттары боюнча аткарылган иштердин жыйынтыгы талкууланды, ошондой эле каржылык көрсөткүчтөр жана отчеттор бекитилди. Мындан тышкары, акционерлер бир катар уюштуруу жана башкаруу маселелери боюнча чечимдерди кабыл алышты.

Экономикалык көрсөткүчтөр таасирленттикомпаниянын 2024-жылдагы таза кирешеси өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 52,3%га жогору болгон. Компаниянын кирешелери да өсүүдө. Эгерде 2023-жылы кирешелердин өсүшү 18,3%ды түзсө, 2024-жылы ал 21,2%ды түздү, бул компаниянын өнүгүүсүнүн оң динамикасын көрсөтөт. Бул ачык-айкындуулуктун жогорку деңгээлин жана өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө кошкон салымды чагылдырат.

2024-жылы MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору Кыргызстандын санариптик өзгөрүүсүндө, байланыштын сапатын жогорулатууда жана социалдык демилгелерди ишке ашырууда өзүнүн негизги ролун ишенимдүү тастыктады.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын атынан мамлекетке 100% таандык болгон компания, абоненттердин саны, тармакты камтуу жана базалык станциялардын саны боюнча бул тармактагы лидерлердин бири катары позициясын бекемдеди. Акыркы эки жылдагы инфраструктураны өнүктүрүүнүн болуп көрбөгөндөй темпинин аркасында MEGA тармагы өлкөнүн калктуу аймагынын 99%дан ашыгын камтыйт, анын ичинде жетүүгө кыйын, чек арага жакын жана аз калктуу аймактар бар.

2024-жылдагы олуттуу жетишкендиктердин катарына, Кыргызстандын эң алыскы айылы – Баткен облусунун Зардалы айылына жана «Коргон» чек ара заставасына жаңы базалык станцияларды орнотуу кирет, бул жергиликтүү тургундар үчүн туруктуу байланышты, интернетке жетки алууну жана заманбап санариптик сервистерди камсыз кылды. Кышкы туристтик сезондун алдында, ошондой эле Бишкек-Каракол каттамын бойлой жаӊы станциялар ишке киргизилип, эң популярдуу каттамдардын биринде сапаттуу байланыш камсыздалды. Орнотулган жабдуулар жогорку кубаттуулугу менен айырмаланат жана буга чейин жетүүгө мүмкүн болбогон аймактарда байланышка жетки алууну кыйла кеңейтүү менен камтуу аймагын 100 кмге чейин камсыздайт.

Өткөн жылы санариптик өнүмдөргө жана Fintech чөйрөсүнө өзгөчө көңүл бурулду. MEGAда, отчеттук терезелерди, абоненттердин жүрүм-турумун моделдөө жана жекелештирилген байланыштарды камтыган маалыматтардын заманбап платформасын куруу башталды. Бул алдыңкы аналитикага жана бизнести интеллектуалдык башкарууга өтүү үчүн негиз болуп саналат.

Келечекке кам көрүү менен, МEGA жаштар арасында санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүүгө активдүү көмөктөшүп келет. 2024-жылы компания хакатондордун өнөктөшү болду, адистештирилген окуу жайларда компьютердик класстарды жабдуулады.

Отчеттук мезгилде MEGA компаниясы акционерлердин колдоосу менен бир катар масштабдуу маркетингдик иш-чараларды өткөрдү. Өткөн жылдын жайында MEGA УТРК менен биргеликте MegaTV мобилдик колдонмосу аркылуу Париждеги Олимпиада оюндарын жогорку сапатта түз алып берүүнү камсыздады. Өлкө боюнча миллиондогон көрүүчүлөргө өз түзмөктөрүндө спорттук иш-чараларды түз ободо көрүү мүмкүнчүлүгү берилди.

Компания ошондой массалык иш-чараларда күйөрмандардын ыңгайлуулугун жана санариптик кызмат көрсөтүүлөрдүн деңгээлин олуттуу жогорулатып, Д.Өмүрзаков атындагы башкы стадионго акысыз Wi-Fiорнотту.

2024-жыл алдыга ишенимдүү жылуунун жылы болду. Мамлекеттик оператор рынокто өзүнүн позициясын бекемдеп, санариптик чечимдердин портфелин кеңейтти жана узак мөөнөттүү өсүүгө негиз салды. 2025-жылы акционер тарабынан бекитилген, өнүгүүнүн орто мөөнөттүү планынын алкагында, компания мындан аркы экономикалык өсүшкө, тармакты өнүктүрүүгө, капиталдык долбоорлорго жана санариптик багыттарга басым жасамакчы.

19 жылдан бери MEGA өзүнүн миссиясын ишке ашыруунуадамдарды бириктирүү, санариптик инфраструктураны өнүктүрүү жана социалдык маанилүү долбоорлорду колдоону улантып келет. 2025-жыл дагы инновациялык жана жаңы окуяларга жана жетишкендиктерге мол болууну убада кылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан